Бишкек шаарында бүгүн түшкү саат төрттөр чамасында электр энергиясы массалык түрдө өчүп-күйдү. Бул үзгүлтүктөр борбордук аймакка гана эмес, турак жайлар жайгашкан четиндеги жерлерге да таасирин тийгизди.
Шаардагы жарандары электр жарыгынын кескин өчүп-күйүшүнөн улам кыйынчылыктарга туш болушту. Мындай окуялар башка борборлордо да, анын ичинде Алматы, Душанбе жана Ташкентте катталган.
Энергетикалык тармактагы адистер бул кырдаал бирдиктүү регионалдык энергия тутумундагы авариялык иштөө менен байланыштуу экенин билдиришти. Азыркы учурда оңдоо жана электр энергиясын калыбына келтирүү иштери улантылып жатат.













