Мамлекет башчы Садыр Жапаров жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Кыргызстандын аймактарын мейкиндиктик өнүктүрүү боюнча 2050-жылга чейинки концепциясын бекиткен Жарлыкка кол койду.
Бул стратегиялык документ өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн туруктуу моделин калыптандырууну, жер жана суу ресурстарын сарамжалдуу колдонууну, айыл чарба потенциалын сактоону көздөйт. Ошондой эле азык-түлүк, суу жана инфраструктуралык коопсуздукту чыңдоо максат кылынган.
Ишке ашыруу планы
Жарлыктын мазмунуна ылайык, Министрлер Кабинети үч айдын ичинде концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгып, бекитүүгө тийиш. Алгачкы этап 2027–2030-жылдарга эсептелет.
Планда жооптуу мамлекеттик органдар, иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрү, каржылоо булактары, ошондой эле концепциянын натыйжалуулугун баалоо үчүн баштапкы жана максаттуу көрсөткүчтөр аныкталышы керек.
Каржылоо жана көзөмөл
Иш-чараларды каржылоо тиешелүү жылдарга каралган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
Министрлер Кабинети ведомстволор аралык координацияны жана иш-чаралардын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттендирилди. Жарлыктын аткарылышын Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгы көзөмөлгө алат.
- 2027–2030-жылдар
Концепцияны ишке ашыруунун биринчи этабы
- 3 ай ичинде
Иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү мөөнөтү









