Министрлер кабинети 2025-жылдын 18-мартындагы №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул документ «Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2025–2030-жылдарга каралган мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» деп аталат.

Токтом Кыргыз Республикасынын «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13 жана 17-беренелеринин негизинде, өлкөнүн аймактарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Документтен

Өлкөнүн аймактарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында документ кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин токтомунан

Кайсы тиркемелер жаңы редакцияда берилди

Токтомго ылайык, 2025-жылдын 18-мартындагы №134 токтомдун 2–4-тиркемелери ушул токтомдун 1–3-тиркемелерине ылайык жаңы редакцияда баяндалды.

Күчүнө кирүү тартиби

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 28-октябрында кол койгон (№728).