Кыргыз киносунун тарыхы 1941-жылдын 17-ноябрында башталган. Бул тарыхый датадан тарта тармак өнүгүп, «Кыргыз керемети» деп аталган доор аркылуу улуттук кинематография дүйнө жүзүнө белгилүү болду, - деп билдирди Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин пресс-кызматы.

Алтын фонд жана белгилүү инсандар

Улуттук кинонун өнүгүшүнө чоң салым кошкон режиссёрлордун эмгеги кыргыз кинематографиясынын өзгөчө көркөм тилин калыптандырган. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын экранга көчүрүлүшү адабият менен кинонун күчүн бириктирип, эл аралык таанылууга алып келген.

Кинематографиянын өнүгүшүнө салым кошкон тажрыйбалуу адистер:

Кыргыз киносунун алтын фондуна төмөнкү тасмалар кирген:

  • «Биринчи мугалим»
  • «Эне талаа»
  • «Ак кеме»
  • «Караш ашуудагы ок»
  • «Кызыл алма»
  • «Биздин балалыктын асманы»
  • «Үркүя»
  • «Лютый»

Бүгүнкү күндө улуттук кинематографты өнүктүрүүгө жана отечественный кино өндүрүшүн колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын министрлик белгиледи.