Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жана мекемелердин башчылары катышуусундагы республикалык жыйындоодо сөз сүйлөп, жаңы Кыргызстандын беш жылдык өнүгүү планын тааныштырды. Аппарат алдында конкреттүү маселелер коюлуп, багыттар белгиленди. Бул учурда мамлекет башкаруунун ыкмалары гана эмес, принциптеринин да кескин өзгөрүшү айтылып жатат.