«Биринчи радионун» эфиринде Урмат Асанбаев 2026-жылга карата тармактын бюджети дээрлик 2,5 млрд сомду түзөрүн айтты. Кийинки жылы аны 3,5 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалып жатат.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат спорттук инфраструктураны курууга арналган эмес. Ал спортчуларды, машыктыруучуларды жана тармактын кызматкерлерин колдоого багытталат.
Урмат Асанбаев, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин төрагасы

Өлкө боюнча спорт чөйрөсүндө болжол менен 4 миң адам эмгектенет. Алардын айлык маянасы ушул бюджеттен төлөнөт. Мындан тышкары, каражаттын олуттуу бөлүгү спортту өнүктүрүүгө жумшалат.

  • Спортчуларды даярдоо
  • Окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү
  • Иш сапар чыгымдары
  • Спорт залдарын ижарага алуу
  • Кызматкерлердин эмгек акысы

Агенттиктин бюджети түздөн-түз спорттун өнүгүшүнө жана ага тартылган адистердин эмгек акысына багытталат. Инфраструктуралык долбоорлорго каражат каралган эмес.