Президент Садыр Жапаров транспорттук-логистикалык байланыштарды жана туризмди эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттары катары атады. Ошондой эле ал парламенттик комитеттердин жана достук топторунун ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили эки өлкө ортосундагы кызматташуунун чоң потенциалын белгилеп, анын сапары мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Кыргызстан менен Грузия ортосундагы кызматташуунун чоң потенциалы бар






















