Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмү бир нече жылдын ичинде бир топ жогорулоосун көрсөттү. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кенештин жыйынында бул тууралуу билдирди.
саламаттыкты сактоого бөлүнгөн каражат26 млрд сом сом73,1 млрд сом сом +181%
Жаңы медициналык объекттердин курулушу активдүү жүрүп жатат. 2025-жылы 10 медициналык объектти куруу үчүн 1 млрд 449 млн сом каражат бөлүнгөн болсо, 2026-жылы дагы алты объекттин курулушу аяктады. Ошондой эле онкологиялык оорулары бар балдар үчүн пансионат курулууда.
Техникалык жабдуулар жана транспорт
- 10 кызматтык унаа
- 113 тез жардам унаасы
- 10 медициналык калдыктарды ташуучу унаа
Медициналык мекемелердин ишин жакшыртуу максатында заманбап технологиялар жана медициналык техникалар сатып алынууда. Анын ичинде 460 млн сомго «Гамма-нож» радиохирургиялык системасы жана хирургиялык робот сатып алынууда.
Медицинадагы маанилүү көрсөткүчтөр
Дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу үчүн Бишкек шаарында мамлекеттик фармацевтикалык логистикалык комплекс курулууда. Бул долбоорго 650 млн сом бөлүнгөн жана иштер сентябрь айынан башталып кеткен. Мындан тышкары, пренаталдык скринингди киргизүү боюнча улуттук программа бекитилди.











