Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары никеге туруу алдында милдеттүү түрдө акысыз медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
Учурдагы Үй-бүлө кодексинин 16-беренесинде медициналык текшерүү каралган, бирок ал сунуш кылуу мүнөзүндө гана. Демилгечилердин айтымында, милдеттүү талап жок болгондуктан көптөгөн түгөйлөр текшерүүдөн өтпөй, оорулар тууралуу нике катталгандан кийин гана билишет.
Текшерүүнү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында акысыз жүргүзүү пландалууда. Анын көлөмүн жана тартибин Министрлер кабинети аныктайт.
Ооруларды алдын алууга басым
Документтин негиздемесинде В, С, D вирустук гепатиттерине, ВИЧ-инфекциясына жана жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга өзгөчө көңүл бурулат. Бул оорулардын айрымдары узак убакыт бою симптомсуз өтүп, бирок экинчи жубайга жана болочок балдарга коркунуч жаратышы мүмкүн.
Ошондой эле текшерүү үй-бүлөнү пландаштырууда маанилүү болгон тукум куума ооруларды жана башка абалдарды аныктоого мүмкүндүк берет.
Документтен
Мыйзам долбоору медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча никеге турууга тыюу салууну карабайт. Анын максаты — жарандарга ден соолук абалы тууралуу маалымат берүү.
Демилге жарандардын үй-бүлө куруу укугун чектөөнү көздөбөйт. Башкы милдет — болочок жубайларга тобокелдиктер жөнүндө алдын ала маалымат берүү.
Конфиденциалдуулук жана өзгөчө учурлар
Талдоолордун жыйынтыктары конфиденциалдуу болуп, текшерилген адамга гана билдирилет. Өзгөчө жагдайларда (кош бойлуулук, жалпы баланын төрөлүшү же өмүргө коркунуч) нике арыз берилген күнү катталганда, ыктыярдуу тартип сакталат.















