Казахстанда суррогат апа кызматы боюнча жаңы эрежелер кабыл алынды. Президент Касым-Жомарт Токаевтин кол коюусу менен мыйзамга өзгөртүүлөр кирип, эми бул кызматты колдонууга укуктуу болгондор өлкөнүн расмий никеде турган жарандары гана болуп калды.
Жаңы кодекске ылайык, суррогат апа кызматынын заказчылары ушул өлкөнүн жарандары болгону гана мыйзамда көрсөтүлгөн. Чет өлкөлүк жарандар мындай кызматты алуу укугунан ажыратылды.
Мындан тышкары, никелешкен жубайлардын белгилүү бир милдеттери бар. Алар суррогат апанын медициналык текшерүүсүнө жана кош бойлуулук учурундагы, төрүү учурундагы, төрөөдөн кийинки медициналык жардамга кеткен чыгымдарды өздөрү төлөшү зарыл.
Ошондой эле, жубайлар өздөрүнүн медициналык-саламаттык абалын жана психикалык ден соолугун тастыктаган анализдер менен медико-генетикалык изилдөөлөрдүн жыйнагын берүүгө милдеттүү.
Жаңы мыйзамдын жоболору 2026-жылдын 26-июлунан тарта күчүнө кирет.











