Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кант — АБЗ унаа жолун асфальттоодо Кыргызстанда биринчи жолу ресайклинг технологиясы колдонулууда.

Бул ыкма колдонулганда эски асфальт катмары атайын техниканын жардамы менен түз эле ошол жерде кайра иштетилет. Ага шагыл жана башка керектүү материалдар кошулуп, андан кийин жаңы асфальт төшөлгөнгө чейин жолдун негизи түзүлөт.

Даярдалган негиздин үстүнө жаңы асфальт катмары төшөлөт.

Технологияны колдонуу чыгымдарды азайтууга жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул ыкма курулуш мөөнөтүн кыскартып, унаа жолдорун реконструкциялоо жана оңдоо иштерин тездетет.

Бул технология көп жылдардан бери башка өлкөлөрдө кеңири колдонулуп келе жатканы белгиленет.