Изилдөөнүн негизги жыйынтыктары
Кыргызстандык жаштар климаттын өзгөрүшүнө тынчсызданып келишет, бирок климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө алардын жигердүү катышуусу чектелүү бойдон калууда. Мындай тыянакка жаштардын климаттык күн тартибине катышуусу жөнүндөгү изилдөө отчетунун авторлору келишкен.
"Жаштардын климаттык күн тартибиндеги маалымдуулук деңгээлин, мамилесин, катышуусун жана тоскоолдуктарын изилдөө" деп аталган изилдөө Кыргызстандын бардык аймактарындагы, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштарды камтыган.
Онлайн сурамжылоого 4 167 адам катышкан. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр фокус-топторду жана негизги кызыкдар тараптар менен жеке интервьюларды өткөрүшкөн.
Изилдөөнүн маалыматына ылайык, респонденттердин 80,4%ы климаттын өзгөрүшү темасы менен кандайдыр бир деңгээлде тааныш. Ошол эле учурда, 79,9% бул көйгөйгө тынчсызданышат, ал эми 91% климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга таасир этет деп эсептешет.
Жаштар климаттык өзгөрүүлөрдү күнүмдүк турмушта байкаган көйгөйлөр менен байланыштырышат. Алардын арасында абанын булганышы жана ыш, ысык, туруксуз аба ырайы, суунун жетишсиздиги, мөңгүлөрдүн эриши, кургакчылык, түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, сел, суу ташкындары, жер көчкүлөр жана дарактарды кыюу бар.
Ошону менен бирге, изилдөө жалпы маалымдуулук менен климаттык процесстерди терең түшүнүүнүн ортосунда ажырым бар экенин көрсөттү. Мисалы, "көмүртек изи" деген терминди сурамжылангандардын 55,3% гана туура аныкташкан.
Авторлор ошондой эле жаштар климаттык, экологиялык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү (климаттын өзгөрүшү, таштанды, ыш, дарактарды кыюу) көп учурда бир категорияга киргизип, аралаштырып жиберишерин белгилешет.


















