Кыргызстанда эмгек акыны индексациялоо боюнча жаңы мыйзам иш жүзүнө кирди. Бул чара жумушчулардын кирешесинин сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо жана баалардын өсүшүнөн улам келип чыккан айырманы жарым-жартылай компенсациялоо үчүн багытталган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкармалыгынын башчысы Бермет Карабаеванын билдирүүсүнө караганда, Эмгек кодексине киргизилген түзөтүүлөр эмгек акынын реалдуу мазмунун сактоо механизмин мыйзамдаштырат.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдардан тышкары, эмгек акыны индексациялоо тартиби уюмдун жамааттык келишимдери, макулдашуулары же локалдык ченемдик актылары менен аныкталат.
Жаңы мыйзам баалар өзгөргөндө эмгек акы автоматтык түрдө көтөрүлөрүн билдирбейт. Анда индексациялоонун принциби гана бекитилет, ал эми конкреттүү эрежелер өзүнчө аныкталышы керек.
Эгерде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы көтөрүлсө, иш берүүчү бул өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эмгек акыны кайра карап чыгуу механизмин камсыз кылышы зарыл. Мисалы, айына 30 миң сом алган жумушчунун күнүмдүк муктаждыктарынын баасы өссө, мурунку сумма менен мурунку көлөмдөгү товарларды сатып алуу мүмкүн болбой калат. Индексация ушул айырманы жарым-жартылай толтурууга багытталган.
Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда «КРнын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.






