Генпрокуратуранын пресс-кызматынын маалыматы боюнча, салтанаттуу иш-чара прокуратура органдарынын кызматкерлерин куттуктоо максатында уюштурулду. М. Бектурганов өз сөзүндө прокуратуранын мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы жана жарандардын укуктарын коргоодогу өзгөчө ролун белгиледи.
Башкы прокурор натыйжалуу көзөмөл жүргүзүүнүн мамлекетке жана адилеттүүлүккө болгон элдин ишенимин бекемдөөдөгү маанилүү шарт экенин баса белгиледи. Ал кызматкерлерге жарандардын ар бир кайрылуусун кылдат карап чыгууну жана мыйзам бузуу фактыларына ким тарабынан жасалбасын, принципиалдуу түрдө укуктук баа берүүнү тапшырды.
Ошондой эле, мамлекет башчысынын колдоосу менен прокуратура органдарын өнүктүрүү жана алардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар маанилүү иштер жүрүп жаткандыгы айтылды.
Кызматкерлер мамлекет жана коом тарабынан көрсөтүлгөн ишенимди актоого, милдеттерди абийирдүүлүк жана жогорку кесипкөйлүк менен аткарууга чакырылат.
Иш-чаранын аягында кызматтык милдеттерин үлгүлүү түрдө аткарган жана кесиптик ишмердүүлүгү менен өзгөчө белгиленген кызматкерлер сыйлык менен тапшырылды. Башкы прокурор кызматкерлерге чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.













