Кыргызстанда 2026-жылы тогузунчу класстардын мугалимдерине 16 миң 185 ноутбук берүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Тимур Дүйшеев билдирди.
Буга чейин 2024-жылы мугалимдерге 27 миң 31 ноутбук, ал эми 2025-жылы 20 миң 286 ноутбук сатып алынып, таратылган. 2026 жылда дагы сатылып алынган ноутбуктарды бөлүштүрүү пландалууда.
2026-жылдын бюджетинде жалпы билим берүү мекемелерин зарыл болгон эмеректер менен камсыз кылууга 67,2 миллион сом каралган.
Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен 2026-жылдын башынан бери 28 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилди. Ошондой эле 18 мектеп менен 4 бала бакчада капиталдык ремонт иштерин аяктоо пландалууда.






