Өлкөдө авиабилеттерди брондоо жана сатуу менен алектенген компаниялар менен ишкерлерди каттоо милдеттүү түрдө киргизүү пландалууда. Министрлер Кабинети бул боюнча тиешелүү токтомду кабыл алды.
Каттоону авиакассалар, туристтик агенттиктер жана авиабилеттерди брондоо, тариздөө жана сатуу менен алектенген башка субъекттер өткөрүшү керек. Бул үчүн алар токтом күчүнө киргенден кийин 30 календардык күн ичинде Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине кайрылууга тийиш.
Бийлик бул долбоордун зарылчылыгын авиабилет сатуучулардын ишин тартипке келтирүү, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, билеттер жөнүндө ишенимдүү маалыматты камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо менен түшүндүрөт.
Пилоттук долбоорду жүргүзүүгө Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жооп берет. Агенттик долбоордун жыйынтыгы боюнча натыйжаларды баалайт жана президенттин администрациясына каттоо системасын улантуу, өркүндөтүү же андан баш тартуу боюнча сунуштарды берет.
Учурда Кыргызстанда авиабилеттерди сатуу менен алектенген авиакассалардын жана туристтик агенттиктердин так саны боюнча статистика жок. Бирок карталык сервистерде Бишкек шаарында гана миңден ашык авиакасса жана туристтик компаниялар көрсөтүлгөн.











