27-июлда Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашыкча билеттерди сатууга, же болбосо овербукинг практикасына расмий түрдө тыюу салганын жарыялады. Бул эреже бардык авиакомпанияларга, анын ичинде ата мекендик жана чет элдик компанияларга да тиешелүү.

Овербукинг — бул авиакомпания орундардын чыныгы санынан көп билет саткан учур. Мындай практика айрым өлкөлөрдө кеңири таралган болсо да, көбүнчө жүргүнчүлөрдүн укуктарын бузууга алып келет. Анткени, ырасталган билети бар жүргүнчүлөр учакка киргизилбей, кийинки каттамды күтүүгө, пландарын өзгөртүүгө жана кошумча чыгымдарга дуушар болушат. Жаңы эреже жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана билеттери бар жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тартуу учурларын болтурбоо максатында киргизилди.

Кабыл алынган чечим Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпанияларга жайылтылат. Бул Кыргызстанга, Кыргызстандан жана өлкө ичиндеги коммерциялык каттамдарды аткарган бардык компанияларды камтыйт.

Эгерде учак мажбурдуу түрдө сыйымдуулугу азыраак башка учакка алмаштырылса, ташуучу жүргүнчүлөргө төмөнкүдөй тандоолорду сунуштоого милдеттүү:

  • Ташуу шарттарын ыктыярдуу өзгөртүү (кардардын макулдугу менен гана);
  • Жакынкы мүмкүн болгон каттам менен жөнөтүү;
  • Билеттин толук наркын кайтаруу.

Авиакомпанияларга ички сатуу жол-жоболорун жаңы талаптарга ылайык келтирүү жана кызматкерлерине кыска мөөнөттө инструктаж өткөрүү тапшырылды.