Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, Кыргызстанда авиабилеттерди брондоо жана сатуу менен алектенген компаниялар менен жеке ишкерлер үчүн милдеттүү каттоо пилоттук долбоорун ишке киргизүү сунушталууда.
Демилгечилердин айтымында, бул кадам жүргүнчүлөрдүн жашыруун төлөмдөр, тарифтердин туура эмес маалыматтары, билеттерди кайтаруу жана алмаштыруу, ошондой эле социалдык аялуу категориялардагы жарандарга кызмат көрсөтүүдөгү эреже бузуулар тууралуу көптөгөн даттанууларына байланыштуу.
Пилоттук долбоор 11 айга эсептелген. Авиабилет сатуучулардын реестрин Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.
Долбоор авиакассалар жана агенттиктер үчүн бирдиктүү талаптарды белгилейт. Алар жүргүнчүлөргө тарифтин шарттарын, билеттерди кайтаруу жана алмаштыруу эрежелерин, жүктү алып жүрүү нормаларын, ошондой эле кош бойлуу аялдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташуунун өзгөчөлүктөрүн алдын ала билдирүүгө тийиш.
Мындан тышкары, авиакассалардын кызматкерлери жана колдонулуучу брондоо системалары үчүн да өзүнчө талаптар каралган. Бийлик каржылык махинациялардын, жеке маалыматтардын агып кетишинин жана глобалдык дистрибуция системаларына уруксатсыз кирүүнүн тобокелдиктерин азайтууну көздөйт.
Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча, бийлик авиабилет сатуучуларды эсепке алуу жана каттоо механизмин баалоого ниеттенүүдө. Документ республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды карабайт.



