2026-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын «Тунгуч» залында «Шаарлардын транспорттук системаларын өнүктүрүү» аттуу семинар болуп өттү. Иш-чарага шаардын мэрдин орун басарлары Рамиз Алиев жана Атай Муратбек, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер катышты.
Семинардын лектору катары Келечектүү шаар куруучулук изилдөө институтунун (ООО «НИИ ПГ») транспорттук инфраструктура багытынын жетекчиси Александр Баранов чыкты. Ал катышуучуларга транспорттук суроо-талапты башкаруунун ыкмаларын жана транспорттук системалардын математикалык моделдерин иштеп чыгуу принциптерин түшүндүрүп берди.
Талкуу учурунда транспорттук маселелердин келип чыгуу себептери, шаар куруучулук жана аймактык ыкмалар аркылуу транспорттук суроо-талапты башкаруу, ошондой эле жүргүнчү агымын алдын ала болжолдоо маселелери каралды. Атап айтканда, транспорттук суроо-талапты экспресс-анализден өткөрүү методикасы жана жүргүнчү агымын эсептөө боюнча практикалык мисалдар берилди.
Иш-чаранын программасы эки негизги багытты камтыды: шаар куруучулук ыкмалар жана транспорттук көйгөйлөрдү чечүүчү пландоо ыкмалары. Андан соң катышуучулар актуалдуу суроолорду талкуулап, лектордон тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алышты.










