Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев 12-октябрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, бул каражаттын бир бөлүгү чакан жана орто бизнести жеңилдетилген насыялоого багытталат. Тактап айтканда, чакан жана орто бизнести насыялоого 1,3 млрд сом бөлүнөт.

Субсидиялардын бөлүштүрүлүшү

1,3 млрдчакан жана орто бизнести насыялоого
268,8 млнагроөнөр жай комплексин насыялоого
170,4 млнасыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө
466,3 млнайыл чарбасын каржылоого
5 млрдтоварларга жана кызматтарга бааларды турукташтырууга

Мындан тышкары, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды турукташтыруу үчүн 5 млрд сом каралган.

Министрдин айтымында, бул өзгөртүү туруктуу бюджеттик каржылоодон кайтарымдуу механизмдерге өтүү менен байланыштуу.