Кыргызстанда курулушчулар батир сатып алуучулардын алдындагы милдеттерин аткара элек 46 бүтпөгөн курулуш объектиси бар экени маалымдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.
Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын бири Кумушай аттуу айым «Архстрой» курулуш компаниясы боюнча Президентке даттануу менен кайрылды. Анын айтымында, ал 2017-жылы бир бөлмөлүү батир үчүн акча төлөгөн, бирок азыркы учурга чейин эч кандай турак жай же төлөнгөн каражатты кайтарып ала элек.
Министр Нурдан Орунтаев «Архстрой» компаниясы батирлерди котлован стадиясында сатуу менен бирге, кийинчерээк курулушту бүтүрбөй калган компаниялардын катарына кирерин түшүндүрдү.
Министрдин маалыматы боюнча, мындай учурлар 2014-жыл менен 2020-жылдардын аралыгында көп кездешкен. Ошол учурда айрым курулушчулар жарандардын каражаттарын тартып алып, өз милдеттерин аткара элишкен.
Президент Садыр Жапаров жарандарга жеке курулуш компанияларынан батирлерди котлован стадиясында сатып албоону сунуштады. Ал Кыргызстанда батирлерди котлован стадиясында сатууну тыюу салуучу норма киргизилгенин белгиледи.
Ошондой эле мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын (ГИК) турак жай программаларын эске салды. Анын айтымында, программалардын бири батирдин баасынын 50 пайызын алдын ала төлөө мүмкүнчүлүгүн жана калган суммасын бөлүп төлөөгө шарт түзөт.











