Кыргызстандагы курулуш компанияларына имараттын котлованын (фундаменттин) этабында батир сатууга чектөө коюлду. Эми турак жайларды сатуу имараттын каркасы чектери курулуп, чатыр иштери аяктагандан кийин гана уруксат берилет. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Москва районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчынын айтымында, мурда 40тен ашык курулуш компаниясы үй курулушунун баштапкы этабында батирлерди саткан, бирок кийин үй курууну аягына чыгара элек же сатып алуучулардын акчасын кайтарып берген эмес. Кээ бир жарандар төлөнгөн батирлерин 5–10 жыл бою ала албай келишүүдө.

Ушул себептен улам, мындай компанияларга карата кылмыш иштери козголуп, алардын мүлкү аныкталып, жооптуу адамдар кармалууда. Кээ бир көйгөйлүү объекттер мамлекеттин көзөмөлү астында курулуп бүтүрүлөт да, андан кийин гана батирлер жарандарга өткөрүлүп берилет. Эгерде келтирилген зыянды калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Президент курулуш компаниялары жарнама аркылуу адамдардын ишенимине кирип, андан соң өз милдеттенмелерин аткарбай жаткан учурлар көбөйүп кеткенин белгиледи.