Президент Садыр Жапаров Караколдун тургунуна көмөк көрсөтүү үчүн Ички иштер министрлигине тапшырма берди. Аял өзүнүн күйөөсү Бишкектеги биргелешкен үйүн эки баласы менен бирге чыгарып жатканын айткан. Бул маселе Президенттин Каракол, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Арыз ээсинин айтымында, 2024-жылы алар күйөөсү менен Бишкектеги «Оскон-Ордо» конушунан үй сатып алышкан. Бирок үй күйөөсүнүн атына катталган экен. Ал эми 2022-жылы күйөөсү башка аял менен жашап баштаган. Кийинчерээк алар алдамчылык үчүн МБК тарабынан кармалган. Учурда үй-бүлөнү бузуу, алимент төлөө жана үйгө болгон укуктар боюнча маселелер чечилип жатат.

Аялдын билдирүүсүнө караганда, күйөөсү жана анын жаңы өнөктөшү ага жана балдарына кысым көрсөтүп, үйүнөн чыгарууга аракет кылууда.

Эгерде күйөөсү башка аял менен расмий никесиз жашап жатса, ал эми арыз ээсинде нике свидетельствосу жана эки баласы болсо, анда үй маселесин анын пайдасына чечүү керек. Күйөөсү жана анын жаңы өнөктөшү башка жашаган жер издеши керек.
Садыр Жапаров