Орловка шаарынын тарыхында Киров көчөсү өзгөчө орунду ээлейт. Бул тууралуу Turmush кабарчысына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына караганда, совет учурунда бул көчө жаңы курулуштарды эске албаганда, Орловкадагы асфальт төшөлбөгөн сейрек көчөлөрдүн бири болгон.

Улгайган тургундардын эскерүүлөрү боюнча, ал жылдары Киров көчөсү айылдагы эң кир жана кароосуз көчөлөрдүн катарына кирген. Анын жогорку бөлүгүн терең жана кенен сай бөлүп турган, ал балдардын жашынмак ойногонго эң сонун жери болгон. Сайдын оң тарабы үйлөрдүн тосмолоруна чейин жетсе, сол тарабында кенен жол болгон. Сайды бир нече жерден гана кесип өтүүгө мүмкүн болгон.

Сай Арычная көчөсүнө жакын жерде аяктап, арыктын суусу жолду туурасынан кесип агып, балдар анын ичинде кубаныч менен ойногон. Кээде суу жолду ашып, көчөнү бойлой ылдый агып кетчү.

Убакыт өтүп, Орловканын көрүнүшү таптакыр өзгөрдү. Бүгүн Киров көчөсү асфальтталып, заманбап түргө ээ болду.
Мэриянын басма сөз кызматы

Фоторепортаж көчөнүн мурунку жана азыркы абалын салыштырууга мүмкүнчүлүк берет.