20-июлда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында газ жабдуусу менен жүргөн унаа жарылды. Бул кырсык боюнча маалымат Оштогу жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан алынды.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, жарылуунун себеби техникада пайда болгон мүчүлүштүк болушу мүмкүн. Унаа ээси газ баллоно орнотууга уруксат берген документтерге ээ болгон.