Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аталган мыйзам ушул жылдын 21-октябрында Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынган экени белгиленди.

Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — Президенттин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын өнүгүүсүн камсыз кылуу. Бул окуу жай мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча өзгөчө статуска ээ болгон уникалдуу адистештирилген жогорку окуу жай болуп саналат.

Мыйзам каржылык туруктуулукту, автономия менен мамлекеттик көзөмөлдүн тең салмактуулугун камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо боюнча өзгөчө статуска ээ болгон Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ырааттуу өнүгүүсүнө багытталган.
Мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Жаңы мыйзам расмий түрдө жарыялангандан кийин он күндөн кийин күчүнө кирет.