6-ноябрь күнү республиканын аймагында антитеррористтик иш-чаралардын жана диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн алкагында кармоо операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалган адамдардын көбү уюмдун түзүмүндө орто жана жогорку деңгээлдеги жетекчилик кызматтарды ээлеген. Оперативдик иштердин жүрүшүндө радикалдык идеологияны жайылтуу, ошондой эле жаңы катышуучуларды тартуу жана чакыруу боюнча далилдер табылган. Бул маалыматтар диний илим эксперттеринин корутундусу менен тастыкталган.

Кызматкерлердин айтымында, айрым кармалган адамдар тергөө иштерине тоскоолдук кылууга жана экстремисттик адабияттарды жок кылууга аракет кылышкан. Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринен жүргүзүлгөн издөө иштери учурунда көп сандагы экстремисттик материалдар, байланыш каражаттары жана аларды жайылтуу үчүн колдонулуучу түзүлүштөр табылып, тартып алынган.