Жакынкы убакка чейин көпчүлүк адамдар шылуундарды телефон аркылуу алдап акча алууга аракет кылгандар катары элестетип келишкен. Бүгүнкү күндө абал өзгөрдү — кылмышкерлер жасалма сайттарды, банктык тиркемелерди, социалдык тармактарды, QR-коддорду, ал тургай жасалма интеллект технологияларын да колдонушууда.

Маселени талкуулоо

Санариптик алдамчылыктын схемалары кандайча өзгөрүп жатканы жана жарандарды коргоо үчүн эмне кылуу керектиги Улуттук банк тарабынан уюштурулган CYBERFINANCE 2026 киберфорумунун катышуучулары тарабынан талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, финансы секторунун өкүлдөрү жана маалыматтык коопсуздук жаатындагы эксперттер катышты.

Шылуундар эмне үчүн кооптуу болуп жатышат?

Эксперттер шылуундар өз ыкмаларын тынымсыз өркүндөтүп жатышканын белгилешет. Эгерде мурда кылмышкерлер көбүнчө жөнөкөй схемалар менен иштешсе, азыр алар психологиялык ыкмаларды, жасалма аккаунттарды, фишингдик билдирүүлөрдү жана жеке маалыматтарды алуунун ар кандай жолдорун колдонушат.

Санариптик коопсуздуктагы "алсыз жер" көбүнчө техника эмес, адам өзү болуп калат. Колдонуучу сырсөздү, SMS кодун өз алдынча өткөрүп берсе же кооптуу шилтемеге өтсө, эң заманбап коргоо системалары да жардам бере албайт.

Банктардын аракеттери

Ошондуктан, финансы секторунда банктар арасында коркунучтар жөнүндө маалымат алмашуу системасы түзүлүүдө. Анын милдети — уюмдарга кол салуулардын жаңы түрлөрү жөнүндө тезирээк билүүгө жана чараларды көрүүгө жардам берүү.

Адистердин пикири боюнча, мындай ыкма кол салууларга тезирээк жооп кайтарууга жана кардарлар үчүн ишенимдүү чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет.