28-июлда Стамбулда Кыргызстандын Генеральный консулу Чынгыз Токтобеков Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гюль менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда эки тарап Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди жана Стамбулда жашаган кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Генконсул Чынгыз Токтобеков Давут Гюлгө кыргыз жарандарына көрсөтүлгөн колдоосу жана консулдук менен конструктивдүү кызматташканы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Губернатор Давут Гюль Стамбул провинциясынын администрациясы дагы да жакын кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү кызыкчылыгын билдирди.