Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Нурбек Букуев жетектеген делегация Түркиянын борбору Анкара шаарында иш сапары менен жүрүүдө. Сапардын негизги максаты — Түркиянын медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек менен камсыздоо тажрыйбасын үйрөнүү.
2026-жылдын 23-ноябрында Анкарада кыргыз тараптын өкүлдөрү Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, профессор Нуруллах Окумуш менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Делегация Түркиянын алгачкы медициналык-санитардык жардамды уюштуруудагы ыкмаларын жана дары-дармек менен камсыздоо боюнча өнүккөн тажрыйбасын өздөштүрүүнү көздөп жатат.









