Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы министрдин орун басары Нурбек Букуевдин жетекчилиги алдында 12–13-ноябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн эл аралык конгресске катышты. Иш-чара баштапкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) өнүктүрүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине багытталган.

Конгресстин алкагында адистер баштапкы медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана анын натыйжалуулугун арттыруу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.