Гендердик зомбулукка каршы «активдүүлүккө 16 күн» эл аралык акциясына даярдык катары Первомайский райондун муниципалдык администрациясы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана ИИМ менен биргеликте алдын алуу иштерин өткөрдү. Бул иш-чаралар үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алууга жана аларды токтотууга багытталган.
Иш-чаралардын алкагында үй-бүлөдө кайрадан зомбулук фактылары катталган даректер боюнча чыгуу иштери жүргүзүлдү. Аталган текшерүүлөрдүн учурунда үй-бүлөлөрдөгү кырдаал бааланып, алдын алуу максатында маектер өткөрүлдү.
Ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктардын алдындагы Үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттердин (КПНС) ишмердүүлүгү изилденди. Адистер алдын алуу иштерин жүргүзүү, укук коргоо органдары жана социалдык кызматтар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле зомбулук фактыларына өз убагында жооп кайтаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Мындай иш-чаралар алдын алуу иштерин күчөтүүгө, зомбулуктун кайталанбашына жана жарандардын укуктарын, коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.





