Чек арадагы өткөрүү пункттарынын санын көбөйтүү маселеси талкууланып жатат. Элчи Дуйшонкул Чотоновдун маалыматы боюнча, 2004-жылдагы протоколго ылайык, эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрүү пунктун түзүү каралган экен. Кийинчерээк Өзбекстандын Президенти Кыргызстанга келген учурда, бул көрсөткүчтү 30га чейин көбөйтүү чечими кабыл алынган. Учурда 25 пункт иштеп жатса, калган пункттарды ишке киргизүү иштери уланууда.}}{"type":"paragraph"}, {

Өткөрүү пункттарынын саны

152004-жылдагы протокол боюнча пункттар
30пландалган жалпы саны
25учурда иштеп жаткан пункттар

Мындан тышкары, чек арадагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселеси көтөрүлүүдө. Атап айтканда, «Достук» өткөрүү пунктунда транспорт агымынын көптүгүнөн улам унаалар 12 саатка чейин кезекте туруп калышы мүмкүн экени белгиленди. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кара-Суу менен Ханабаддын ортосунда кошумча өткөрүү пунктун ачуу маселеси каралууда. Калган төрт өткөрүү пункту боюнча Чек ара кызматы иш алып барып жатат, деп айтты элчи.