10-ноябрдын түнүндө Кара-Суу аймактык ооруканасына 3 жашар бала оор абалда жеткирилген. Бала бөтөн нерсе жутуп алгандыгы үчүн медициналык кызматкерлер тез арада жардам көрсөтө башташкан. Ош облустук балалар клиникалык ооруканасынын билдирүүсүнө таянсак, баланы дароо жасалма дем алуу аппаратына туташтырышкан.

Кара-Суу аймактык ооруканасында бронхоскопиялык аппарат жок болгондуктан, адистер Ош облустук балалар клиникалык ооруканасына жардам сурап кайрылышкан. Түн ичинде кезекчилик кылып жаткан анестезиолог-реаниматолог Семетей Кочкорбай уулу саат 23:30да бронхоскопиялык аппарат менен Кара-Суу аймактык ооруканасына келген.

Дарыгер бронхоскоптун жардамы менен баланын дем алуу жолдорунан калемдин капкагын ийгиликтүү чыгарып алган. Учурда баланын абалы жакшырып, ал өз алдынча дем алып жатат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.