Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Кытай Эл Республикасынын радиоберүүлөр жана телекөрсөтүүлөр боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын (NRTA) өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай маданий жана медиа кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле аудиовизуалдык долбоорлор, телеберүүлөр жана заманбап маалымат технологиялары жаатындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Маалымат-кырдаалык байланыштарды бекемдөөгө жана санариптик медиа жаатында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилди.

Тараптар кыргыздар менен кытайлардын ортосундагы маданий түшүнүшүүнү жакшыртуу максатында документалдык жана окутуучулук программаларды, ошондой эле видеоконтентти алмашуу боюнча кызыгууларын билдиришти.

Мындан тышкары, санариптештирүү, телекөрсөтүү технологиясын жана заманбап медиа стандарттарын киргизүү тажрыйбасын алмашуу маселелери каралды.