29-июлда Бишкекте Улуттук инвестиция агенттигинин төраганын орун басары Дамирбек Бикулов азербайжан компаниясынын GEO TOTAL өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууга тиешелүү министрликтин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.

Кездешүү учурунда геодезиялык, геоинформациялык системалар (ГИС), санариптик картография, лазердик сканерлөө (LiDAR), дрон технологиялары жана жасалма интеллект сыяктуу заманбап технологиялар сунушталды.

Технологиялар объектилерди куруу, мониторинг жүргүзүү жана транспорттук, шаардык инфраструктураны пландаштыруу жаатында колдонулуп, инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүү, санариптик аймактык моделдерди түзүү, жер ресурстарын башкаруу, санариптик кадастрга ээ болуу жана инфраструктуранын абалын көзөмөлдөө максатында колдонулаары белгиленди.

Кездешүүнүн жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары бириктирип, тажрыйба алмашып, санарип технологияларды инфраструктуралык долбоорлорго киргизүүнү улантууну макулдашты.