Кыргызстанда кыргыз-кытай чек арадагы өткөрмө бекеттерин башкаруу боюнча кызматташтык тууралуу келишимдин долбоору талкууланды. Бул иш-чарага Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тышкы иштер министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Транспорт жана байланыш министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.