Национальдык инвестиция агенттигинин маалыматы боюнча, жолугушуу 28-октябрда өттү. Анда Кыргызстандын дарылоо жана ден соолукту чыңдоо туризминдеги потенциалы, ошондой эле ага инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Сахиб Мамедов Конфедерациянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын айтып, Азербайжандын заманбап санаторий-курорттук комплекстерди башкаруу жана эс алуучуларга ден соолукту чыңдоо кызматтарын уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Белгиленгендей, Кыргызстан минералдык жана термалдык булактарга, тоолуу климаттык курортторго жана Ысык-Көлдүн рекреациялык мүмкүнчүлүктөрүнө бай. Бул ресурстар дарылоо жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө, ошондой эле тармакка инвестиция тартууга шарт түзөт.

Заманбап санаторий-курорттук инфраструктураны өнүктүрүү өлкөнүн туристтер үчүн жагымдуулугун арттырууга, бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактардын экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болот.
Национальдык инвестиция агенттигинин пресс-кызматы

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну улантууга жана санаторий-курорттук кызмат көрсөтүү, ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.