Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү эмгектери үчүн пенсиялык камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Учурда Австрия жана Германия сыяктуу өлкөлөр менен маанилүү келишимдердин үстүндө иш алып барылууда.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, Австрия менен келишимдин долбоору даяр болуп, азыркы тапта мамлекеттик процедураларды бүтүрүү жана документке кол коюу этаптары калды. Ал эми Германия менен сүйлөшүүлөр уланууда. Немициянын пенсиялык фондунун өкүлдөрү 2027-жылдын апрель айында Кыргызстанга келишке күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө биз 20ден ашык мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Бул келишимдердин ийгилиги башка Европа өлкөлөрү, мисалы, Франция, Италия, Улуу Британия жана Чехия менен кызматташууну тездетүүгө шарт түзөт. Ошондой эле, бул тажрыйба АКШ менен макулдашуу түзүүгө негиз болору айтылды.
- 2021-жыл
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында тиешелүү макулдашуу кабыл алынган
- 2027-жылдын апрели
Германиянын пенсиялык фондунун өкүлдөрү Кыргызстанга келет
Мындан тышкары, чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн ыктыярдуу түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул үчүн атайын программа иштеп чыгылып, «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу каттоодон өтүүгө болот.




















