Кыргызстанда акыркы 16 жыл ичинде пенсионерлердин саны эки эседен ашык өсүп, 826 миң адамга жетти. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев «Биринчи радио» аркылуу «Ачык кабинет» программасында билдирди.

СторисКыргызстанда пенсионерлердин саны эки эсеге өстүСлайддар: 4
  1. Кыргызстанда пенсионерлердин саны эки эсеге өстү
  2. Пенсионерлердин саны: 2010-жылы — 400 миң адам; 2026-жылдын 1-ноябрында — 826 миң адам
  3. 150 млрд сом — 2027-жылы пенсиялык чыгымдардын болжолдуу көлөмү
  4. Пенсиялык реформа: Минималдуу иш стажынын талабы төмөндөтүлдү; Стаж 5 жылдан 7 жылга чейин өзгөрдү

Төраганын айтымында, 2010-жылы өлкөдө болжол менен 400 миң пенсионер болсо, 2026-жылдын 1-ноябрына карата алардын саны 826 миңди түздү. Акыркы 4 жылдын ичинде гана пенсия алуучулардын саны 100 миң адамга көбөйгөн.

Пенсионерлердин санынын өсүшү

400 0002010-жылы пенсионерлер
826 0002026-жылдын 1-ноябрында

Пенсиялык чыгымдардын өсүшү

Пенсионерлердин санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо үчүн жумшалган каражаттардын бир топ көбөйүшүнө алып келди. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, төлөмдөргө кеткен чыгымдардын динамикасы төмөнкүдөй:

Пенсиялык төлөмдөргө кеткен чыгымдар

  • 2021-жыл — 52 сом
  • 2026-жыл — 122 сом
  • 2027-жыл (болжол), — 150 сом

Социалдык фонд

Аталган маалыматка таянсак, акыркы 5 жыл ичинде пенсияга кеткен жылдык чыгымдар эки эседен ашык өскөн. 2027-жылы бул көрсөткүч 150 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн деп болжолдонууда.

Пенсиялык реформа жана иш тажрыйба

Бактияр Алиевдин билдирүүсүнө караганда, акыркы 3 жыл ичинде өлкөдө пенсиялык реформанын биринчи этабы өткөрүлүп, 11 өзгөртүү киргизилген. Алардын ичинен эң негизгиси — пенсия берүү үчүн зарыл болгон минималдуу иш стажынын талабын төмөндөтүү болду.

  1. Баштапкы учурда

    Иш стажы 5 жылга чейин кыскартылган

  2. 2026-жыл

    Иш стажы 6 жылды түзөт

  3. 2027-жыл

    Иш стажы 7 жылга чейин көтөрүлөт

Стажга коюлган талаптардын жеңилдеши көбүрөөк жарандарга пенсия алуу укугун берүүгө мүмкүндүк берди, бул ошол эле учурда пенсионерлердин санын көбөйтүүчү факторлордун бири болду.