Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңеши Россиянын демилгеси менен электр техникалык продукциянын, жарык берүүчү жабдуулардын жана басма схемалардын айрым түрлөрүн идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоонун бирдиктүү эрежелерин бекитти. Бул тууралуу ЕЭК басма сөз кызматы билдирди.

Маркировкалануучу продукциянын тизмесине түзөткүчтөр жана өзгөрткүчтөр, автомобилдик жарык берүүчү приборлор, портативдик чырактар, лампалар, жарык диоддору жана жарыктандыргычтар, басма схемалар, реле, розеткалар, туташтыргычтар, коммутациялык аппаратура жана 1000 В чейинки чыңалуудагы бөлүштүрүүчү калкандар кирди.

Башка товардык топтор сыяктуу эле, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жаңы продукция түрлөрүн маркировкалоонун киргизүү мөөнөтүн жана тартибин өз аймагында өз алдынча аныкташат. Киргизүү мөөнөтү жөнүндө алар комиссияга алты айдан кечиктирбестен кабарлашат.

Товарлар криптографиялык коргоосу бар эки өлчөмдүү Data Matrix штрих-коду менен маркировкаланат, ал эми идентификациялоо каражаттары Биримдиктин бардык мамлекеттери үчүн бирдиктүү талаптарга ылайык түзүлөт.

Маркировка — бул биринчи кезекте биздин рыноктогу товарлардын айкындуулугу. Канчалык көп товардык топтор маркировкаланса, рынокто мыйзамсыз продукция ошончолук аз болот жана ак ниет бизнес менен сатып алуучу өзүн ошончолук ишенимдүү сезет. Электр техникасы үчүн товарлардын мыйзамдуулугу — жарандардын саламаттыгы жана коопсуздугу маселеси. Так ушинтип биздин жалпы рынок декларация эмес, күнүмдүк практика болуп калат.
ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев