Кочкор районундагы Кум-Добо айылында мектеп окуучуларынын ортосунда футбол турнири болуп өттү. Турнир «Биз зордук-зомбулукка жана рэкетке каршыбыз» деген ураан астында өткөрүлдү. Бул тууралуу Кум-Добо айылдык жаштар комитетинин төрагасы Тилек Сарыпбек уулу билдирди.

Иш-чара жаштар комитетинин демилгеси менен жана спонсорлор тарабынан чогултулган каражаттардын эсебинен өткөрүлдү. Турнирдин негизги максаты — райондогу мектеп окуучуларынын ортосундагы биримдикти чыңдоо болуп саналат.

Мелдешке райондук администрациянын жетекчилиги, райондук прокурор Марат Осмонов, РИИБдин башчысы Искен Базаркулов, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Урмат Шергазиев жана башка чакырылган жетекчилер катышты.

Футбол мелдеши катуу күрөш менен өттү жана жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңишке жетти:

Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары

10 000сомов жана 1-орун
5 000сомов жана 2-орун
3 000сомов жана 3-орун
  • Нинакан Жундубаева атындагы мектептин командасы — 1-орун, 1-класстын диплому, 10 000 сом жана кубок
  • Арзымкан Бостонов атындагы орто мектептин командасы — 2-орун, 2-класстын диплому жана 5 000 сом
  • Кенеш Мырзабеков атындагы орто мектептин окуучулары — 3-орун, 3-класстын диплому жана 3 000 сом акчалай сыйлык