Турмуш басылмасынын маалыматына ылайык, Кумуштак айыл аймагындагы Бейшен Сатыбеков, Дооронбек Дуйшебаев, Токтогул Чолушев, Жанадил Тойчубек уулу атындагы орто мектептердин жана Кутманбек Осмонбеков атындагы №41 кесиптик лицейдин окуучулары арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Иш-чара Кумуштак айыл өкмөтүнүн демилгеси менен өткөрүлүп, ага уул-кыздардан турган 10 команда катышты.

Мелдешти жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Т.Марипбай уулу кызматкерлери менен бирге жана ата-энелер көрүп, күйөрмандык кылышты.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы акыркы убакта мектеп окуучулары арасында катталган өлүмгө алып келген окуялар жана андай кырсыктарга катышкан окуучулар менен ата-энелеринин кийинки тагдыры тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөрдү сергек жашоо образын карманууга чакырык жасалды.

Жеңүүчүлөр аныкталды

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында биринчи орунду Б.Сатыбеков атындагы орто мектеп, экинчи орунду №41 кесиптик лицей, үчүнчү орунду Д.Дуйшебаев атындагы орто мектеп ээледи.

Кыздар арасында да Б.Сатыбеков атындагы мектеп биринчи, Д.Дуйшебаев атындагы мектеп экинчи, Т.Чолушев атындагы мектеп үчүнчү орунга татыктуу болду.

Жеңүүчүлөргө Кумуштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кубогу, медалдар, грамоталар жана кызыктыруучу белектер (топтор) тапшырылды. Мындан тышкары, демөөрчүлөрдүн каражаты менен бардык катышуучуларга ысык тамак уюштурулуп, суусундуктар берилди.