Кайыңды шаарында жаңы мини-футбол аянты расмий түрдө ишке кирди. Мэриянын билдирүүсүнө таянсак, спорттук объект Жуматаев көчөсүндө жайгашкан.
Ачылыш аземи Жаштар күнүнө карата уюштурулуп, ачылышка райондук администрациянын башчысы Бекмаат Масаидов жана шаар мэри Рысбек Шейшенов катышты.
Ачылыштын алкагында мэрдин кубогуна карата мелдеш өткөрүлдү. Турнирге жалпы он бир команда катышып, спортчулар өзүнүн чеберчилигин көрсөтүштү.
Акыркы жыйынтыктар боюнча «Кайыңды жаштар» командасы жеңишке жетип, кубокду утуп алды. Ошондой эле спорт менен машыккан башка катышуучулар ар кандай сыйлыктар менен тапшырылды.





















