Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Добо айылынын жанында жайгашкан Кочкор-Башы байыркы шаарчасынын аймагында археологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Бул жерден XI–XIII кылымдарга таандык болгон байыркы кол өнөрчүлүк устаканасы табылды.
Изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, табылган буюмдар болжол менен 1000 жыл мурун азыркы Кыргызстандын аймагында ремеслендик өндүрүш жана шаардык маданият өнүккөнүн көрсөтөт. Бул тарыхый табылгалар байыркы шаар тургундарынын күнүмдүк жашоосу, кол өнөрчүлүктүн өнүгүү деңгээли жана алардын тиричиликте колдонгон буюмдары жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет.
- Керамикалык жана фарфор идиштер
- Айнектен жасалган буюмдар
- Металлдан жасалган буюмдар
Кочкор-Башы шаарчасынын аймагында мурда XI–XIII кылымдарга таандык коомдук мончонун изилдөөлөрү жүргүзүлгөн. Ал жерден жуунуучу бөлмөлөр, сууну ысытуучу участоктор жана жылуутуу системасы табылган. 2026-жылы откана табылып, мончонун дубалдары атайын каналдар аркылуу жылуу болгону аныкталган.
Учурда Кочкор-Башы байыркы шаарындагы археологиялык изилдөөлөр улантылууда.









