Ат-Башынын жаш футболчулары Талас шаарында уюштурулган республикалык мелдеште биринчи орунду багынты. Бул команданын ийгилиги район үчүн улуу сыймык болуп, команданын жигердүү жана үзүрлүү эмгегинин натыйжасы катары бааланууда.

Команда буга чейин да облустук жана республикалык деңгээлдеги бир катар мелдештерде ийгилик жаратып, бир нече жолу сыйлыкка ээ болгон. Алар районунун атын жогорку деңгээлде коргоп келишет.

Команданы Шапат Абдыкалыков машыктыруучу жетектейт. Анын жетекчилиги астында футболчулар спорттук чеберчилигин жогорулатып, биргелешип ийгиликке жетишүүдө.

Айыл өкмөттүн жана айылдык кенештин жетекчилери мелдештен кийин футболчулар менен жолукту. Алар балдарды ийгиликтүү оюндары үчүн куттуктап, мындан ары да ийгилик каалашты.