Ала-Арчада болгон трагедиялардан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда коопсуздукту камсыздоо боюнча маанилүү эскертүүлөрдү билдирди. Куткаруучулар тоого чыгуудан мурун кырдаалдын коопсуздугун текшерүүнү сунуштап жатышат.
Адистер тоого чыгуудан мурун сөзсүз түрдө аба ырайынын болжолун текшерүүнү, жылуу кийинүүнү жана ылайыктуу бут кийимди тандоону сунушташат. Бул чаралар тоодогу күтүлбөгөн кырдаалдардан сактануу үчүн зарыл.






