Чүй облусунда таштандыларды атайын даярдалган жерден башка жерге таштоо фактысы аныкталды. Бул мыйзам бузуу Кыргыз илимий-изилдөө институтунун кайрылуусу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында ачыкка чыккан.
Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспектору институттун жанында жайгашкан коммерциялык уюмга карата текшерүү жүргүзгөн. Текшерүү учурунда институттун арызындагы маалыматтар тастыкталды. Уюм экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузуп, таштандыларды белгиленбеген жерге топтоп тургандыгы аныкталган.
23 000 сом айып пул
Мыйзам бузуу үчүн жооптуу тарапка административдик айып пул салынды.
Аталган факт боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, уюмга аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Талаптарды аткаруу үчүн үч күн убакыт берилди.












