Азыркы учурда логистика дүйнөдөгү эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу “Биринчи радио” каналынын түз эфиринде экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров билдирди. Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү логистикасы тармагында өзгөчө татаал абал түзүлгөн.

«Логистика маселеси Кыргызстан үчүн гана эмес, ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер үчүн курч бойдон калууда. Бул багытта стратегиялык чечимдерди кабыл алуу зарыл. Жакынкы аралыкта көтөрүлгөн маселелер өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек деп эсептейм. ЕАЭБдин алкагында биздин күйүүчү май жана инвестициялар боюнча негизги соода мамилелерибиз Орусия жана Казакстан менен ишке ашат», — деди ал.