Ысык-Көл жээгиндеги Бостери айылы өзүнүн эски аталышын сактап калат. Бул маселе боюнча Президент Садыр Жапаров чечим кабыл алды. Буга Балыкчы шаарында эл менен болгон жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын кайрылуусу себеп болгон.

Мурда административдик-аймактык реформанын алкагында Бостери жана Бактуу-Долонот айылдары Чолпон-Ата шаары менен бириктирилген. Бирок, жергиликтүү тургундардын каалоосуна карата Бостери өз аталышын сактап калууга макулдук алынды.

Бул маалыматты Nomad ТВ каналына айыл тургуну Кенжебек Солтобаев билдирди.